24.kg
10:54, 21 мая 2018, 24.kg

Украинада чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Харьков чек ара отрядынын кызматкерлери чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Окуя Ветеринарное калктуу пунктунун аймагында болгон. Бул тууралуу Life Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматына шилтеме берип билдирди.

«Чек ара маалымат кызматынын инспекторунун өз убагында берген маалыматынын негизинде, мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Атайын кызмат иликтөө иштерин жүргүзүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Чек ара режимин бузган жаран административдик жоопкерчиликке тартылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18