24.kg
10:38, 21 мая 2018, 24.kg

Араванда Сирияга согушка катышууга үгүттөгөндөр үч жылга соттолду

Араван районунда сот экстремисттик мүнөздөгү материал менен кармалган эки жаранды үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Соттолуучулар 2012-2017-жылдар аралыгында Ноокат районунда радикалдык ислам сабактарын өткөрүшүп, жарандарды Сириядагы согушка катышууга чакырышкан. Күнөөлөнүп жаткандардын бири Араван районунун мечитинин казысы, экинчиси имамы болуп иштеп келишкен.

Мааламытка караганда, жергиликтүү тургундар Улуттук коопсуздук кызматына арыз менен кайрылышкан. Анда соттолгон жарандар балдарга араб тилин гана үйрөтүп чектелбестен, ок атуучу куралды кантип колдонуу керектигин да үйрөтүшкөндүгү жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18