24.kg
08:41, 21 мая 2018, 24.kg

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Казакстандык актриса Самал Еслимова «Айка» фильминде башкы ролду жаратканы үчүн Канн фестивалында «аялдын мыкты ролу» үчүн сыйлыгына татыды. Франциядагы Канн фестивалынын 71-айлампасынын жеңүүчүлөрү 19-майда кечкисин жарыяланды.

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун «Айка» тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушун баяндайт. Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган.

Петропавлда туулуп өскөн Самал Еслимова Орусиядагы театр өнөрү институтунун (ГИТИС) режиссерлук факультетин аяктаган, азыр Москвада турат. «Айка» фильмине чейин ал Сергей Дворцевойдун «Кызгалдак» фильмине катышкан. Бул фильм бир нече эл аралык сынактарга катышкан, анын ичинде 2008-жылы Канн кинофестивалынын «Өзгөчө көз караш» номинациясын жеңип алган.

«Айка» фильмин тартууга катышкан төрт өлкөнүн арасында Казакстан дагы бар. ММКлар Сергей Дворцевойду орусиялык кинорежиссер катары сыпаттаганы менен Канн фестивалына тасма Казакстандын атынан тааныштырылды. Сергей Дворцевой Шымкентте туулуп, 1990-жылы Москвага көчүп кеткен.

Photo 72733

Канн фестивалынын 70-айлампасынын баш сыйлыгы — «Алтын пальманы» быйыл жапон режиссеру Хирокадзу Корээда «Дүкөнчү ууру-кескилер» аттуу тасмасына берилди. Эң мыкты фильм номинациясынын жеңүүчүсү көчөдө калган баланы багып алган майда уурулар жөнүндө баяндайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18