24.kg
18:02, 18 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанда 5 ай аралыгында 13 киши сууга чөккөн

Кыргызстанда 5 ай аралыгында 13 киши сууга чөккөн. Бул тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында мекеменин суучулдар кызматынын башчысы Урматбек Шамырканов билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен сегизи эркек киши, төртү аял жана бири өспүрүм.

«Алардын сууга чөгүп кетүүсүнүн башкы себеби коопсуздук эрежелерин сактабагандыгында. 2017-жылы 70 пайыз киши түшүүгө уруксат берилбеген жерден чөккөн», — деди Урматбек Шамырканов.

Ошондой эле 2017-жылы Ысык-Көлдө 160тан ашык эс алуучу жайлардан 21 кырсык катталган. Алар республика боюнча сууга чөгүү фактысынын 15 пайызын түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18