24.kg
14:25, 18 мая 2018, 24.kg

Нике жаңырткан тажик жаранын суицидке жеткиришти

Тажикстандын Восей районунун тургуну Саидмухаммад Иброхимов экинчи жолу үйлөнгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин өз жанын кыйды. 8 ай мурун биринчи аялын аары чагып, каза болуп калган.

«Балдары атасынын экинчи аял алуусуна каршы болушуп, тоюна катышуудан дагы баш тартышкан», — деди анын агасы Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммаддин төрт баласы бар. 24 жаштагы улуу баласы Орусияда иштеп жүрөт. Кичүү кызы 16 жашта.

«Алардын эч кимиси атасынын экинчи аял алышы жөнүндө уккусу да келген эмес. Бирок шарият боюнча аялы өлүп калган киши экинчи жолу үйлөнүү үчүн балдарынан уруксат сураганга милдеттүү эмес», — деди Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммад Иброхимовдун экинчи аялы Маржона Рахимова алар алгачкы он күн эле бактылуу болушканын, андан соң уруш-талаш башталганын айтты.

«Балдары күндө телефон чалып, мени кууп чыгышын талап кылып турушту. Акыры ал ажырашууну чечти. Мен ата-энемдикине кеттим. Саидмухаммад болсо эртеси асынып алыптыр», — деди Марджона Рахимова.

Восей райондук прокуратурасы бул иш боюнча тергөө башталганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18