24.kg
13:01, 18 мая 2018, 24.kg

Кыргыз-түрк ооруканасы сентябрь айына чейин пайдаланууга берилет

Бишкекте кыргыз-түрк достугунун негизинде салынып жаткан оорукана сентябрь айына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Нурбек Алимбеков «Биз ЖМКдан гана оорукана тууралуу ар кандай маалыматтарды окуп жатабыз. Ачылышы качан болот?», деп министрге кайрылды.

«Биз жума сайын ооруканага барып атабыз, маселе өкмөттүн көзөмөлүндө. Учурда техникалык нюанстар бар. Керектүү жабдыктардын баары алынып келе элек. Анын үстүнө оорукананын айланасында саясий маселе жаралып, 3 айдан ашуун туруп калдык. Азыр маселелерди чечип, сентябрга чейин оорукананы пайдаланууга беребиз деген ойдобуз», — деди министр.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18