24.kg
12:34, 18 мая 2018, 24.kg

Депутат өлкөдөгү Кытай ашканалары колдонуп жаткан эттен күмөн санады

«Эгер эттин 60 пайызы ташылып келип жатса, биздин экологиялык жактан таза эттер кайда кетип жатат?», — деп депутат Жунус уулу Адыл бүгүн «Республика  Ата Журт» фракциясынын отурумунда тиешелүү органдарга суроо узатты.

«Кытайдакг эт 10 доллар турат. Мамлекеттин өзүндө эттин баасы 10 доллар болсо бизге кандай эттер келип жатат анда? Ал жакта тоокторду 20-30 күндө чоңойтуп чыгаруучу фермалар бар экени айтылууда» — деди ал.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстан өзүн-өзү койдун жана уйдун эти менен 65 пайызга камсыздайт.

«Ал эми Кытайдын тоок эттерин ташып кирүүгө уруксат жок», — деди ал.

Депутат Кыргызстандагы Кытай ашканалары, тоңдурулуп ташылып келген үй этинен тамак даярдап жатканы тууралуу маалыматы бар экенин кошумчалады.
«Тиешелүү органдар мунун текшерүүгө алуусу керек», — деп жооп берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18