24.kg
12:17, 18 мая 2018, 24.kg

Адам сатуунун курмандыктарына көпчүлүк учурда айылдыктар кабылышат

Көп учурда айылдын тургундары адамдарды сатуунун жана кыйнап иш кылдыруунун курмандыктарына айланышууда. Бул тууралуу «Эмгек чөйрөсү» аттуу тегерек столдо КРнын эмгек Эл аралык уюмунун координатору Бакыт Ороков айтып чыкты.

«Айыл жергесиндеги билимдин деңгээли алда канча төмөн. Жалпы Республикалык тестирлөөнү айылдыктар үчүн өзүнчө, шаардыктар үчүн өзүнчө өткөрүү идеясы тууралуу укканым бар. Айылдык мектептин бүтүрүүчүлөрү жетишкендик жагынан шаардык балдардан бир топ эле артта калышат»,-  деп кошумчалады ал.

Анын билдиргенине караганда, балдардын эрте жашынан эмгекке тартылгандыгынын себеби, балдар жана алардын ата-энелери билимге аз көңүл бурушкандыгында.

«Мындан улам, биз балдардын жакшы окуп, ден соолуктарын сактап калышы үчүн аракет кылуудабыз. Адам сатуунун курмандыктарына көпчүлүк учурда айылдан келгендер кабылышат», -деди Ороков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18