24.kg
11:51, 18 мая 2018, 24.kg

Салянованын бир тууганынын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Орусия жараны

Парламенттин экс-депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип жаткандардын бири Орусиянын жараны. Мындай маалыматты криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев маалымат жыйынында таратты.

Анын билдиргенине караганда, кармалган 2 жаран учурда күнөөлөрүн мойнуна алып, көрсөтмө беришүүдө.

«Кармалган жарандардын бири Москванын тергөө абагында, экинчиси Бишкектеги абакта. Биз Орусияга экстрадиция маселеси боюнча кат жөнөткөнбүз. Учурда каралып жатат. Ал эми үчүнчү шектүү Орусиянын жараны. Анын өздүгү такталып, издөөгө берилди», — деди Абдиев.

Эске салсак, экс-депутаттын инисин 2017-жылдын 5-ноябрында өзүнүн үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18