24.kg
11:28, 18 мая 2018, 24.kg

Милиция кызматкерин жарадар кылган жаран дагы деле кармала элек

Милиция кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасаган жаран дагы деле кармала элек. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, маалымат жыйынында айтты.

Маалыматка таянсак, кылмышка шектүү жаранга издөө салынган.

«Анын өздүгү такталды. Кылмышкерди кармоо боюнча ыкчам иш чаралар өткөрүүлүүдө», — дейт К. Асанаов.

Эске салсак, ушул жылдын 2-февралында, "Чыгыш-5"кичи районунда милиция кызматкерлери издөөдө турган унааны көрүп калышкан. Качан алар унааны токтотуп, айдоочунун өздүгүн тактап жатышканда, кылмышкер милиция кызматкерине ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18