24.kg
10:57, 18 мая 2018, 24.kg

Өзгөндө 14 жашар Таңсулуу Мурат кызы изделүүдө

Ош облусунун Өзгөн шаарында 14 жашар Таңсулуу Мурат кызы изделүүдө. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 19- апрелинде, таңкы саат 07:30 чамасында 2004-жылы туулган Т. Мурат кызы үйүнөн мектепке чышып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Бою 155-160 см, чачы кара, кой көз. Сол көзүндө калы бар.

Ошол күнү Таңсулуу ак көйнөк, күрөң свитер, кара юбка, ак колготки жана ак бут кийим кийип алган.

Кызды көрүп билгендер болсо төмөн телефон номерине билдирип коюуну суранышат: (03233) 5-06-36, (0778) 35-45-45, (0550) 03-00-33, (0779) 96-46-94.

Photo 72315


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18