24.kg
10:28, 18 мая 2018, 24.kg

Вебмоделдер студиясынын уюштуруучусу кыздарды коркутуп иштетип келген

Вебмоделдер студиясынын уюштуруучусу кыздардын кайда иштеп жатканын ачыктаарын айтып, аларды коркутуп иштетип келген. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

«Тергөөнүн жыйынтыгында шектелүүчү порнографиялык материалдарды даярдоо студиясын өзүнүн батиринде ачканы аныкталган. Аялы жана кызы алар менен чогу жашачу. Ал бир нече жылдан бери ушундай ыкма менен акча таап келген. Кыздарга жогорку айлыкты убада кылып, бирок убадасын аткарчу эмес. Видеого тартып алган соң, материалдар телефонунда сакталуу экенин айтып коркутчу» деп маалымдайт укук коргоо органдары.

Учурда аталган маселе боюнча «Порнографиялык материалдарды сатуу жана өндүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок укук коргоочулар тергөө сырларына байланыштуу толук маалымат берген жок.

Эскерте кетсек, буга чейин порнографиялык материалдарды даярдоо студиясы табылып, анда иштеген 30 студент кыз жана уюштуруучусу кармалган. Айрым маалыматтарга ылайык, уюштуруучу Mino деген камана ат менен белгилүү болгон репер Даниэль Ажиев экени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18