24.kg
08:44, 18 мая 2018, 24.kg

Диний окуу жайлардын студенттери футбол талаасында күч сынашышты

Диний окуу жайлардын студенттери футбол талаасында өз күчтөрүн сынашты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш чара Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген. Ага, спорттун футбол түрү боюнча «Арстанбап ата», «Аз-Захра», «Имам Аьзам», «Имам Тирмизий» медреселеринин жана Амир Хамза ислам институтунун студенттери катышты.

Оюн айлампа түрүндө өтүп, биринчи орунду Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресеси багындырса, экинчи орунга Сузак районуна караштуу Имам Аьзам медресеси ээ болду, ал эми, үчүнчү орунду Имам Тирмизий медресеси жеңип алды. Спорттук мелдештин соңунда орунга ээ болгондор казыяттын алкыш баракчасы менен сыйланышса, мыкты оюн көрсөткөндөр жана мыкты чабуулчулар кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18