24.kg
15:04, 17 мая 2018, 24.kg

Ошто айына бир жолу ишкерлерге «Ачык эшик» күнү уюштурулат

Ош шаарындагы жеке ишкерлер үчүн айына бир ирет «Ачык эшик» күнү уюштурулат. Бул боюнча каала мэриясы билдирет.

Алардын айтымында, иш чара «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында уюштурулат.

Белгилей кетсек, «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жеке ишкерлер менен бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жолдорун ортого салып, көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бизнес форум уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, шаарда жайгашкан баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18