24.kg
13:00, 17 мая 2018, 24.kg

Кол чатырыңызды унутпаңыз: Өлкө боюнча жаан-чачын болуусу күтүлүүдө

Photo 72224

18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бишкекте дагы күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18