24.kg
09:29, 17 мая 2018, 24.kg

Милиция 28 жаштагы аялдын колунан жабыр тарткандарды издөөдө

Алдамчылык менен жан баккан 28 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин тургуну милицияга Н. аттуу кызга карата чара көрүүнү өтүнүп, милицияга кайрылган. Арызда жаран Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны үчүнчү жакка миң долларга кайра ижарага бергени жазылган.

Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1990-жылы туулган М. к. Н. аттуу жаран кармалган.

Аял камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгер сүрөттөгү аялдын колунан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот: 0 550 102 609 же 0 553 102 245.

Photo 72162

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18