24.kg
15:29, 16 мая 2018, 24.kg

Бишкекте сексуалдык кызмат көрсөткөн дагы бир жай табылды

Бишкекте дагы бир притон табылды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 25-30 жаштагы аял көп жылдан бери притон иштетип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери аталган жерге барып, текшерүү иштерин жүргүзүп, анын уюштуруучусу катары 25 жаштагы Ж.Н. аттуу аялды кармашкан.

«Ошондой эле мейманканадан узак убакыттан бери сексуалдык кызмат көрсөтүп келген 1995-жылы туулган А.к.А., 1999-жылкы Н.к.М. жана 1996-жылкы Ж.Г. аттуу кыздарды кармалган», — деп маалымдайт ИИБ.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Photo 72110

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18