24.kg
13:43, 16 мая 2018, 24.kg

Жеңиш күнүнө карата отургузулган гүлдөрдүн дээрлик жарымы уурдалды

Жеңиш аянтындагы Улуу Жеңиш күнүнө карата отургузулган гүлдөрдүн дээрлик жарымы уурдалды. Мындай маалыматты «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы таратты.

«11 гүлдүн карапасынан 120 даана сальвия гүлдөрүн үзүп кетишкен. Ушул жана башка гүлдүн түрлөрү болуп жалпысынан 300 даана отургузулган эле. Шаардын борборуна орнотулган көп сандагы видеокамералардын жардамы менен, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам иш аракеттерди жасап, ууруларды табат деген ишеничтебиз», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасы Ала-Тоо аянтындагы гүлдөрдөн жасалган сааттан 300дөн ашуун гүл тепселенип, сындырылганын билдиришкен болчу.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18