24.kg
10:12, 16 мая 2018, 24.kg

Кыргызстан Орусияга кебезди экспорттоону 5 эсеге көбөйттү

Үч ай аралыгында Кыргызстан Орусияга кебезди экспорттоону 5 эсеге, электр трансформаторлорун 3 эсеге жана каймак-майды 3 эсеге же 19,8 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бирок үч ай аралыгында, айнекти экспортто 1,7 эсеге, кургатылган буурчак жашылчаларын жөнөтүү 24,1 пайызга, электр лампочкасын экспорттоо 13,2 пайызга жана аялдардын трикотаж кийимдерин жиберүү 6,9 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми Орусиядан ташылып келген товарлардан түтүктөдү алып кирүү 3, 5 эсеге, болоттон жасалган зымдарды алып кирүү 1,8 эсеге, жыгач сүрүндү тактасын алып келүү 68,4 пайызга, мунай заттары ташып келүү 66,9 пайызга, куштун эти жана андан жасалган азыктары ташып келүү 45,2 пайызга, андан тышкары шоколад сыяктуу товарларды алып кирүү 8,1 пайызга өскөн.

Аталган убакыт аралыгында ЕАЭБке кирген мамлекеттер менен болгон товар алмашуу 503,1 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга аз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18