24.kg
09:28, 16 мая 2018, 24.kg

«Манас айылы» комплексин Бишкек мэриясынын балансына өткөрүү сунушталууда

«Манас айылы» комплексин Бишкек мэриясынын балансына өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, «Манас айылы» 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгын белгилөөгө карата негизделген. Этно-маданий комплекстин курулушу аяктаган соң ал Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлгөн.

1999-жылдын 1-июлунда ал «Бишкек» эркин экономикалык зонасы башкы дирекциясынын карамагына берилген. Бирок «Манас айылы» киреше алып келбейт, тескерисине чыгымга дуушар болгон. Учурда объекттин техникалык абалын бекемдөө үчүн аны Бишкек мэриясынын карамагына берүү сунушталып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18