24.kg
08:55, 16 мая 2018, 24.kg

Жаранга жер убада кылып, акчасын алып качып жүргөн аял кармалды

Жаранга жер убада кылып, акчасын алып качып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, 24- апрелде милицияга алдамчылык фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Анда 2015-жылы Н. аттуу аял, жаранга жер тилкесин алып берүүнү убада кылып, 45 миң долларын алып, ошол бойдон изин жашырып кеткени жазылган.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган Т. Н. аттуу аял кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул сүрөттөгү аялдын колунан жабыркагандар болсо төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот: 0 557 102 977, 0 550 102 349, 0 552 102 945.

Photo 72038

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18