24.kg
16:38, 15 мая 2018, 24.kg

Аткезчилик боюнча кармалган Дамирбек Асылбек уулунун ордун Канат Бегалиев ээледи

Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды.Мындай чечим, 12-майда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионатында кабыл алынды,- деп маалымдайт федерациядан.

Маалыматка ылайык, Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын мурдагы биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди. Ошондой эле федерациянын вице-президенти болуп Марат Назарбековдун ордуна Жалил Атамбаев дайындалды.

Эскерте кетсек, парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 16-февралда Казакстандын аймагында аткезчиликке шектелип кармалган. Ага каршы аткезчилик айыбы менен иш козголуп, камоого алынган. Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталгандан кийин БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан парламентке келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18