24.kg
11:58, 15 мая 2018, 24.kg

Кыргызстан калкынын 15 пайызы «акылдуу» эсептегич менен камсыз болду

Кыргызстан боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткен.

«Азырынча каражат тартыш болгондуктан, адегенде эски, техникалык жоготуулар жогору болгон жерлерде алмаштырылып жатат. Бара-бара башка кардарлар да жабдыла баштайт. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынат», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18