24.kg
09:20, 15 мая 2018, 24.kg

Бишкекте кармалган Казакстан жараны Мурат Тунгишбаев № 1-кармоочу жайга камалды

Бишкекте кармалган Казакстан жараны Мурат Тунгишбаев № 1-убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу «24.kg» сайтына анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек тарабынан кабыл алынган.

«Мен Бишкек шаардык сотуна чечимге каршы арыз бердим. Соттун чечимине ылайык, Мурат Тунгишбаев № 1-убактылуу кармоочу жайда эки ай камакта болот. Айыпталуучу камакка алынаардан бир күн мурун көзүнө операция жасаткан. ЖАМК аны камакка алууга болобу деген маалымат кат талап кылды. Бирок УКМК андай документ бере алган жок», — деди Шарабидин Токтосунов.

Эскерте кетсек, оппозициячыл топтун мүчөсү делген Казакстан жараны Мурат Тунгишбаев 10- майда Бишкекте кармалып, камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18