24.kg
17:42, 14 мая 2018, 24.kg

Ошто Керме-Тоонун таштары кулап, үйлөрдү басып калуу коркунучун жаратты

Ош шаарындагы Керме-Тоодо жарака кетип, 218-кварталдагы үйлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул тууралуу кааланын мэриясы маалымдайт.

Тоонун түштүк экспозициясындагы анчалык чоң эмес көлөмдөгү тоо кыркасында жаракалар пайда болду. Маалыматта, тоо кыркасын жергиликтүү тургун уруксатсыз жогорку температурадагы жылытуу жолу менен тоо кыркасын бөлүкчөлөргө бөлүп өндүрүштүк багытта колдонуп келген.

«Өндүрүштүк иштери жүрүп жаткан убакта (2002-жылдар)тоо кыркасынын айланасында турак жайлар жок болгон. Аталган участканын айланасына турак жайлар курулуп калгандыгына байланыштуу учурда таштын кулоосу турак үйлөргө жана жарандардын өмүрүнө тикелей коркунуч жаратат», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия таш кулап кетсе тосуп калуу үчүн 150 метр узундуктагы туурасы 8 метр, жана тереңдиги 4 метр келген аң каздырып, коопсуздук чараларын тез арада көрүүнү табыштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18