24.kg
17:13, 14 мая 2018, 24.kg

Кыргызстандын 60 миңдей жаранынын кулчулукка кабылуу тобокелчилиги бар

Кыргызстандын 60 миңдей жаранынын кулчулукка кабылуу тобокелчилиги бар. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары көбүн эсе жумуш издеп Казакстанга, Россияга, Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына кетет.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстандын 60 миңдей жараны кулчулукка кабылуу тобокелчилигине туштугат. Алардын 70%ы -эркектер болсо, 30%ы — аялдар. Жаш курагы боюнча алганда алар эмгекке жарамдуу 18 — 34 жашка чейинкилер болуп саналат. Жогорку айлык акыны көздөп чет мамлекеттерге чыгып кеткендердин басымдуу бөлүгү алыскы райондордун тургундары.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18