24.kg
16:28, 14 мая 2018, 24.kg

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен алынды

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдирди.

Аны кызматтан кетирүү себептери азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, 11- майда Кубанычбек Кулматов ТВЕА тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен «Кылыс-Ордо» жаңы конушуна курулган мектеп боюнча УКМКга суракка чакырылган.

Мектеп Кубанычбек Кулматов калаа башчысы болуп турганда курулган. Башкы прокуратура  Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук- мамлекеттик башкармалыгынын жана финансылык башкармалыгынын айрым кызматкерлерине карата 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча макулдашуудаКыргызстандын кызыкчылыгын эске албоо) жана 315 (документтери жасоо) беренелердин негизинде кылмыш иши козгогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18