24.kg
16:16, 14 мая 2018, 24.kg

Жээнбеков Орусияга киргизилген санкциялардын Кыргызстанга таасирин айтты

Батыш өлкөлөрүнөн Орусияга киргизип жаткан санкциялары Кыргызстанга эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ТАССка берген интервьюсунда билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан Орусиянын батыш өлкөлөрү менен болгон мамилесине тыгыз көз салып тураарын айтты.

«Орусия — биздин негизги стратегиялык өнөктөш. Кыргызстан кирген ЕАЭБ жана башка бирикмелердин мүчөсү. Орусия менен саясий, экономикалык, гуманитардык жактан жакын байланыштабыз. 600 миңден ашык мигранттарыбыз Орусияда иштеп, өлкө экономикасынын өсүүсүнө көмөктөшүп келет. Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан алардын экономикалык абалынын өзгөрүшү кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстанга дагы таасирин тийгизбей койбойт», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков азырынча санкциялар эки өлкөнүн товар алмашуусуна таасирин тийгизе элек экендигин айтты.

«Ошондой болсо да, Улуттук банк менен өкмөткө санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасиринин деңгээлин жана каналдарын аныктоо тапшырылган», — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18