24.kg
14:15, 14 мая 2018, 24.kg

Лейлектеги селде 11 үй, 14 социалдык объект зыян тартты

Лейлектеги селде 11 үй, 14 социалдык объект зыян тартты. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында айтылганын маалымат кызматы кабарлайт.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына ылайык, 4 унаа өтүүчү көпүрө сел алуу коркунучунда турат. Жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо чараларын көрүүнү тапшырды.

«Кыска мөөнөттө суунун деңгээлинин жогорулоо коркунучу бар бардык райондордо мониторинг жүргүзүү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерин кыйла жигердүү аткарып, калк арасында турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Бул жарандарга жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыянды калыбына келтирүүдө кыйла таасирдүү, даректүү жардам алууну шарттайт», — деп баса белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18