24.kg
12:18, 14 мая 2018, 24.kg

Айдай чак түштө базардан торпок уурдаган жаран кармалды

Айдай чак түштө базардан торпок уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 15-март күнү Караколдогу мал базарга торпогун сатканы алып келип, аз убакытка кароосуз калтырып кеткен учурда белгисиз адам тарабынан уурдалганы жазылган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучуга жалпы 19 миң сомго чыгым болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышкердин изине түшүп, мурда соттолгон Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 30 жаштагы А. Айбек аттуу жашоочусун кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми, далил катары уурдалган мал табылды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18