24.kg
09:15, 14 мая 2018, 24.kg

Мамлекет башчы ЕАЭБтин жыйынына катышуу үчүн Сочиге учуп кетти

Photo 71741

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын Бирликтин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарын чагылдырган «Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар» аттуу докладды сунуштамакчы.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык спектрин, ошондой эле евразиялык мейкиндикте интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү алдыга жылдыруу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18