24.kg
08:55, 14 мая 2018, 24.kg

Өзбек бийлиги Каримовдон калган ыкманы — элди мажбурлап иштетүүнү токтотот

Өзбекстан өкмөтү өлкөдө студенттерди жана бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап ишке салууну толук токтотуу боюнча жарлык чыгарды.

Дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Өзбекстан көптөгөн жылдардан бери окуучулар менен студенттерди, ошондой эле бюджеттик ишканалардын кызматкерлерин мажбурлап пахта теримге чыгарып келет.

2015-жылы өзбек пахтасына бойкот жарыялаган эл аралык коомчулуктун басымынан кийин Ташкент жашы жете электердин эмгегин пайдаланууну токтоткон.

«Мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча кошумча чаралар тууралуу» өкмөттүн жарлыгында мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттер көчө шыпыруу же пахта терүү өңдүү иштерге мажбурлап тартылбашы керектиги жазылган. Андан тышкары документте мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура менен Эмгек министрлиги мындай практиканы токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керектиги белгиленген.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр күзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөндө Өзбекстанда жарандарды жапырт ишке салуу маселеси тууралуу айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18