24.kg
08:51, 14 мая 2018, 24.kg

УКМК Сапар Исаковду кайрадан суракка алат

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу бүгүн кайрадан сурак берет. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Азырынча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат бере элек.

Эскерте кетсек,  Сапар Исаков алгачкы жолу 26-апрелде Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, сурак берген.

Аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18