24.kg
16:56, 11 мая 2018, 24.kg

Британия ханзаадасын кайнагасы карындашына баш кошпоого чакырды

19-майда Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана америкалык актриса Меган Маркл үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү алдында турат. Той Виндзор сепилинде падышалык үй-бүлөнүн жакындарынын катышуусунда өтөт. Бирок тойго кыздын энелеш бир тууганы менен өгөй атасы катышпай турган болду.

51 жаштагы Томас бир тууганын майдачыл жана текебер деп мүнөздөп ханзааданы ага баш кошуудан баш тартууга үндөдү. Анын Гарриге жазган катын In Touch басылмасы жарыялаган.

«Урматтуу Гарри, кеч болуп калбасын! Меган Маркл сага ылайыктуу аял эмес. Ал падышалыктын тарыхындагы эң чоң ката. Сен чыныгы Меганды көрө элексиң», — деп жазган Томас.

Ошондой эле ал, Меган менен алты жылдан бери көрүшө элек экенин айткан.

Photo 71601

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18