24.kg
15:12, 11 мая 2018, 24.kg

Орусия «Евровидение» сынагынын финалына өтпөй калды

«Евровидение» сынагына катышкан Орусия өкүлү Юлия Самойлова финалга өтпөй калды. 2004-жылдан бери Орусия биринчи жолу концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышпайт.

Photo 71584

10-майда Лиссабон шаарында өткөн жарым финалда Самойлова I Won’t Break («Мен сынбайм») ыры менен катышкан.
Ал былтыр Украинадагы «Eurovison» мелдешине да жолдомо алып, катышпай калган. Украинанын Коопсуздук кызматы ырчыны «2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган» деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

«Евровидение» ыр таймашынын финалы 12-майда өтөт. Букмекерлер «Fuego» («Жалын») ырынын аткаруучусу, кипрдик Элени Фурейра утарын божомолдошууда.

Жарым финалга ​Австрия, Эстония, Кипр, Израил, Литва, Чехия, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия, Сербия, Молдова, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды ырчылары өттү.

Мыктылар күйөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен аныкталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18