24.kg
12:08, 11 мая 2018, 24.kg

Ошто Орозо айына карата даярдыктар башталды

Ошто шаардык казыяты Рамазан айына карата даярдык көрүү жана таравих намаздарында Куран окуу боюнча шаар аймагындагы мечит кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын алкагында шаар казысы мечиттердин тазалыгына өзгөчө көңүл буруу, Куран окуучу карыларга бардык шарттарды даярдап берүү жана орозо айынын улуулугу жана берешендүүлүгү боюнча элге үзгүлтүксүз маалымат жеткирүү жөнүндө бир катар тапшырмалар берилди.

«Ыйык Рамазан айынын башталышы менен Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу 44 мечитте Куран толугу менен окулмакчы. Учурда Куран окуучу карыларга шарттар түзүлүп, даярдыктар көрүлүүдө», — деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Быйыл орозо айы 14-15-майда башталышы күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18