Аламүдүн районунда көлмөгө түшүп кеткен киши изделүүдө
Аламүдүн районунда Восток көлмөсүнө түшүп кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
1976-жылы туулган А. Б. аттуу жаран кечээ көлмөгө түшүп кетти. ӨКМнын куткаруучулары издөө иштерин бүгүн да улантат.