24.kg
09:43, 11 мая 2018, 24.kg

Орусиядагы мигранттар Алмазбек Асанбаевдин кызматтан алынышына каршы

Орусияда иштеген кыргызстандыктар Мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин кызматтан алынышына каршы. Бул тууралуу Москва шаары жана Москва облусундагы диаспоранын кыргыз өкмөтүнө кайрылуусунда айтылат.

Мекендештердин 50дөй коомдук бирикмеси өкмөт башчысынан Алмазбек Асанбаевди ордунда калтырууну өтүнүшөт.

«Ал өзүнүн милдетин так аткарган, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин көйгөйүн ичинен түшүнүп чече билген кызматкер. Мигранттардын таламын талашып, бул тармакта жеңилдиктерди алып келүүчү мыйзамдар долбоорлорун иштеп чыгууга салымын кошкон кызматкер. Бул туура эмес саясат. Өкмөт сыртта иштеп жүргөн мекендештердин үнүн угат деген ойдобуз» — дейт диаспора өкүлдөрү.

Photo 71440

Эскерте кетсек, Мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаев кечээ ээлеген кызматынан бошотулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18