24.kg
09:01, 11 мая 2018, 24.kg

Ленин айылынын тургунун өлтүрүп, жолдун так ортосуна таштап кетишкен

Аламүдүн районунун Ленин айылынан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум киши колдуу болгон. Жарандын сөөгү Кайырма айылына баруучу жолдун так ортосунан табылды. Ал 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 30 жаштагы тургуну кармалды. Учурда «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18