24.kg
08:51, 11 мая 2018, 24.kg

АКШ Иранга карата санкцияларын кеңейтти

Вашингтон Иранга карата санкцияларын кеңейтти. Тиешелүү документ АКШ Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Санкциялык тизмеге «Ислам революциясынын сакчылары» корпусуна катышы бар делген алты киши жана төрт компания кирди.

8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгарын билдирген. Ал макулдашуунун алкагында токтотулган санкциялар кайра жанданарын эскерткен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18