24.kg
18:01, 10 мая 2018, 24.kg

Бишкектеги карылар үйүндөгү адамдардын дары-дармегине болгону 12 сомдон каралган

Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндөгү адамдардын күнүмдүк дары-дармегине болгону 12 сом 50 тыйындан, ал эми тамак- ашына 100 каралган. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчилиги билдирди.

Учурда ал жакта 208 адамдар мамлекеттин камкордугунда жашайт. Алардын ичинде 80ге жакыны кыргыздар. Андан тышкары турмуштук ар кандай жагдайлардан улам ден-соолугу начар, камкордукка муктаж болгон жаш адамдар дагы бар.

«Ыйык Рамазан айынын алдында, 11-май күнү, саат 11-00дө аталган жайда «Карыларга мээрим» аттуу акциянын алкагында аксакалдарга символ катары жасалгасы менен боз үй белек кылынат. Мындан тышкары боз үйдүн ичинде карыларга сый тамак жана концерт уюштурулат. Аталган иш-чарага кайрымдуулук жана тарбиялык негизде маалыматтык колдоо көрсөтүп, бала мээримине суусаган ата, апалардын кубанычтуу көз ирмемдерин коомчулукка чагылдырып берүүңүздөрдү суранабыз» ,- дейт уюштуруучулар.

Маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн төмөндөгү дарек аркылуу барып же телефонго чалып, кабар алсаңыздар болот. Бишкек шаары, Абай көчөсү 93. Байланыш телефондору: 0771608547, 0550880766.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18