24.kg
15:46, 10 мая 2018, 24.kg

Абактагы азиз акын Темирлан Ормуков жүрөгүнөн приступ берди

Абактагы азиз акын Темирлан Ормуков жүрөгүнөн приступ берди. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Темирлан Ормуковдун жүрөгү буга чейин эле ооруп жүргөн. Бирок тез жардам чакырышкан эмес. План боюнча дүйшөмбү күнү анын иши кайрадан сотто каралмак«, — деди Адил Турдукулов.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аталган маалыматты четке какты. Ошондой эле айыпталуучуга дарыгерлердин жардамы керек болсо, убактылуу кармоочу жайда жардам берилерин кошумчалады.

2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап, Интернетке жазган ырында «аймак аралык кастыкты козутуунун» белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев жазган.

Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, быйыл февраль айында Ормуковго «Жалаа жабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен  1- тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18