24.kg
14:08, 10 мая 2018, 24.kg

Депутаттар ЖЭБди модернизациялоо зарыл болгонун белгиледи

Мамлекетте жетиштүү каражат болбогондуктан башка ишкананын кызматын колдонуу менен ЖЭБди модернизациялоо зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылган.

Андан тышкары, өкмөт келишим түзөөрдө ТВЕА ишканасын сунуштаган Кытай элчилигине караштуу соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриянын кеңешчисинин көрсөтмөсүн гана жетекчиликке алган.

Ошондой эле 386 миллион доллар тууралуу насыялык макулдашуу англис тилинде түзүлүп, ага ошол кездеги каржы министри Ольга Лаврова кол койгон. Бирок өкмөт макулдашуунун долбоору менен орус тилинде таанышкан.

Корутундуда ЖЭБ айрым курулуш иштери толук аяктай электе эле ишке берилгени жазылган. Депутаттар Башкы прокуратураны жана УКМКны 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылганы жана ТВЕАдин жалданууларынын аткаминерлер менен биргелешип иш алып баруусун текшерүүгө чакырды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18