24.kg
12:13, 10 мая 2018, 24.kg

2050-жылы Кыргызстандын калкы 9 миллионго жетери айтылууда

2050-жылы Кыргызстандын калкы 9 миллионго жетери айтылууда. Бул тууралуу чет өлкөдө жүргөн мекендештерди колдоо отчётунда камтылган.

Маалыматка ылайык, калктын саны өскөнү менен мамлекет анын барын иш менен камсыз кыла албайт. Демек тышкы миграция күч алат.

Документте, кыргыз өкмөтү жарандарынын башка мамлекеттерде билим алып жана иштөөсүнө шарт түзүүнү колго алышы керек экени баса белгиленген. Беш жыл мурун парламент чет өлкөдө жүргөн мекендештерди колдоо боюнча мыйзам чыгарган.

«Анын актуалдуулугу сакталып келе жатат. Бирок мекендештер мыйзам тууралуу билишпейт. 2015-жылы чет жердеги мекендештер жана өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте өкмөттүн алдында чет жерде жүргөн Кыргызстан жарандары менен байланыш түзүү боюнча атайын кеңеш түзгөн. Бирок азыркы күнгө чейин кеңеш бир гана жыйын өткөргөн», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18