Бүгүн сом 25 жашка толду. Улуттук валютанын жашоосунан кызыктуу фактылар
Бүгүн сом 25 жашка толду. 1993-жылы 10-майда саат 4.00 Кыргызстан улуттук валютасын мурдакы совет өлкөлөрүнүн ичинен Россиядан кийин экинчи болуп жүгүртүүгө киргизет.
— Советтик валютаны сомго алмаштырууга төрт күн гана убакыт берилет. 14-майдан тарта өлкө акча-насыялык саясатын өз алдынча жүргүзүүгө киришет. Бирок, элдин суранычы менен дагы төрт күн рублды сомго айлантууга бөлүнгөн.
— Алгач 1, 5 жана 10 сомдуктар жана 1, 5 жана 10 тыйындар чыгарылат. Тыйындар кагаз түрүндө болуп, түсү менен гана айырмаланган. Бир бетинде бүркүт, экинчи тарабында күн менен түндүк түшүрүлгөн. Ал эми сомдорго Манас жана анын күмбөзү тартылат.
— Алгачкы сомдорго Улуттук банктын мурдакы төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган.
— Сомдун алгачкы наркы 1 сом 200 рублга барабар болот.
— Жыл өтпөй сомдор алмаштырылат. 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылат. Биринчи жолу акчага кыргыздын белгилүү инсандарынын сүрөттөрү түшүрүлөт.
— 1997-жылы 5 жана 10 сомдук жүгүртүүгө киргизилет. 1999-жылы 1 сомдук пайда болот.
— 2000-жылы ири купюралар чыгарылат. 200, 500 жана 1000 сомдуктар элдин купулуна толот. 2009-жылы Улуттук банк эң ири банкнот 5 миң сомдукту сунуштайт.
Андан кийин, 20, 50, 100 сомдуктар жаңыланат. 2010-жылы 200, 500 жана 1000 сомдуктар киргизилет.
— Кыргыз акчалары 2010-жылга чейин Англиянын De La Rue компаниясында басылса, кийинкилери Франциянын Oberthur Fiduciaire ишканасында даярдалды.
— 2008-жылы 10, 50 тыйындар жана 1, 3, 5 сомдордун монетасы пайда болот. 2010-жылы 10 сомдук чыгат.
— 2017 жылы жаңы түстөгү жана формадагы 2000 миң сомдук чыкты.