24.kg
11:48, 10 мая 2018, 24.kg

Депутат ЖЭБ маселесин кароодо мурдагы 4 премьердин катышуусун талап кылды

Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышууда Жантөрө Сатыбалдиев башында турган мурдагы премьер-министрлердин барын чакырууну талап кылды.

Анын айтымында, отчётто жооптуу кишилер катары алардын аты-жөнү айтылып жаткандыктан, экс-аткаминерлер сөзсүз катышуусу шарт.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары сурак берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18