24.kg
10:33, 10 мая 2018, 24.kg

Парламент ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышат

Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышат. Маселени күн тартибине киргизүү сунушун бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында комиссиянын төрагасы Улан Примов киргизди.

Депутат саат 14.00гө ЖЭБди модернизациялоого тиешеси бар бардык жактарды чакырууну суранды. Анын айтымында, комиссиянын корутундусу 30 барактан турат. Ага мурдагы өкмөт башчылар Сарап Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев башында турган модернизацияга жооптуу деп табылган аткаминерлердин тизмеси дагы киргизилген. Корутундуда, ЖЭБдин техникалык иштөө режиминин бузулуусу 22-январда эле катталганы, тактап айтканда аварияга төрт күн калганда байкалганы жазылган.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары сурак берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18