24.kg
09:41, 10 мая 2018, 24.kg

9-май күнү 200гө жакын айдоочу мас абалында кармалды

9-май күнү 2128 айдоочуга административдик айып салынды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичимдик ичип алып унааны башкарган 196 айдоочу кармалган. 369 айдоочу ылдамдыкты жогорулатуу боюнча кармалса, 143 айдоочу жол белгилерин сактабагандыгы үчүн кармалган.

Андан тышкары, унаасынын айнектерин караңгылатып алган 4 айдоочу, документи жок башкарган 25 айдоочу кармалды.

Унааны башкарып келе жатып телефон менен сүйлөшүү боюнча 382 протокол түзүлүп, ички иштер кызматкерлерине баш ийбеген 5 айдоочу кармалды.


Бардыгы болуп 65 даана унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18