24.kg
09:21, 10 мая 2018, 24.kg

«Аврорада» уулангандардын саны 22 кишиге жетти

«Аврорада» уулангандардын саны 22 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дагы 4 киши ооруканага кайрылган. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан «24.kg» агенттигине маалымдагандай, учурда 14 киши дарыланууда. Ал эми чет элдик спортчулар сакайып чыккан.

«Бейтаптардын абалы туруктуу жана канааттандырарлык. Керектүү дарылануудан өтүп жашытат. Аталган маселе боюнча бүгүн дарыгерлер жыйынга чогулат», — деп маалымдашты ооруканадан.

Эскерте кетсек, буга чейин «Аврора» санаторийинде тамактан ууланган 18 киши ооруканага кайрылганы маалымдалган. Алардын арасында кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн даярдыктан өтүп жаткан чет элдик спортчулар дагы бар болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18