24.kg
16:04, 08 мая 2018, 24.kg

ЖЭБди оңдоо боюнча жоопкер аткаминерлердин катарын Сапар Исаков дагы толуктады

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кытайдын ТВЕА ишканасы менен макулдашууга кол койгон мурдагы аткаминерлердин тизмесин экс-премьер-министр Сапар Исаков дагы толуктады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутат Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, ошол учурда Сапар Исаков президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган. Ошондой эле ТВЕА ишканасы менен келишим түзүү сунушун киргизген.

Тизмеде мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев дагы бар. Касымалиеванын айтымында, келишимди Кытайга иш сапарга барып келген айрым депутаттар дагы колдогон.

«Ал жакта Эсептөө палатасынын аудитордук отчёту дагы бар. Корутундуда Эсептөө палатасынын өкүлдөрү отчётту иликтөө үчүн укук коргоо органдарына жөнөтпөгөнү жазылган», — деди Аида Касымалиева.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18